Токмок шаарында кампа өрттөнүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында кампадан өрт чыкты.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Токмок шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:15тө 1 бөлүм, 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 13:10дө чектөөгө алган.

Болжол менен өрттүн аянты 4000 чарчы метрди түзөт.

Кийинчерээк ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Токмок шаарындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт толугу менен саат 16:00 өчүрүлгөң.

Өрттү өчүрүүгө Токмок шаардык ӨКБ №21ден 1, ӨКБ №24төн 1 жалпы 2 күжүрмөн эсеп, шаардык коммуналдык ишканасы менен суу чарба муниципалдык ишканаларынан 2 суу ташуучу унаа тартылган.

Пример HTML-страницы

Кырсыктынтын кесепетинен темир менен жабылган чатыры, пенопласт жана рубероид менен жылууланган 4000 чарчы аянты күйгөн. Кампа жеке менчик, иштебеген абалда болгон.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн себеби аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️