Пример HTML-страницы

Токмок шаарында 45 үй-бүлөгө батирдин ачкычтары тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТокмок шаарында аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө батирдин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чара мэриянын жыйындар залында өттү. Ага шаар мэри Максат Нусувалиев, демөөрчү фонддун өкүлдөрү жана жалгыз бой энелер катышты.

«Жарандарыбызга колдон келген жардамыбызды беребиз. Бул ачкычтар — үмүт жана мүмкүнчүлүккө толгон жаңы жашоонун символу. Жаңы батирлериңиз сиз үчүн жылуулук, сүйүү жана бакыт, дайыма өкүм сүргөн жайга айлансын. Балдардын күлкүсү, кубанычы ушул дубалдардан жаңырып, ар бир күн жарык жана жакшылык алып келсин», — деди мэр.

Мэриянын маалыматына караганда, 2019-жылы чет элдик фонд тарабынан 39 үй-бүлөгө батир курулмак. Бирок документтик иштер бүтпөй келген. 2024-жылдын башында документтер толук бүтүп, жалпы 45 үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир курулган.

«Жогоруда айтылган 39 батирге демөөрчүлөр дагы 6 батир кошуп беришти. Бирок, 6 батир оңдоодон өтө элек болчу. Курулуш иштери мэрия тарабынан жасалды. Батирлүү болгон 6 үй-бүлөнүн үчөөндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Экөө көп балалуу жылгыз бой энелер жана башкалар», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE