Пример HTML-страницы

Тогуз-Торонун Ленин айылында кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылган тигүү цехи ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Ленин айылында 30 кыз-келинди жумуш менен камсыз кылган тигүү пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, аталган цехтин ачылышына район акими Манас Мураталиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

«Бүгүнкү күнү айыл жергесинде кошумча жумуш орундары түзүлүп, кыз-келиндер жумуш менен камсыз болуп жатышат. Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөбүздө жеңил өнөр жайы жакшы колго алынган. Айылдарда да ушул сыяктуу цехтер ачылып, пайдаланууга берилип жатканы жакшы жышаан.

«Айсейил» деп аталган тигүү цехине Тогуз-Торо айыл өкмөтү тарабынан 2 бөлмөлүү имарат бөлүнүп берилди. Мында 30 кыз-келин жумуш орду менен камсыз болушту. Алдыда кошумча бөлмөсүн кеңейтүү алдында турат», — деди район акими М.Мураталиев.

Белгилей кетсек, атайын фонд тарабынан жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында 2 млн сом үстөк пайызы төмөн кайтарымдуу насыя берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE