Тогуз-Тородогу «Таза кызмат» муниципалдык ишканасына 4,4 млн сомго атайын техника жана урналар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushТогуз-Торо районунда «Таза кызмат» муниципалдык ишканасына атайын техника жана таштанды таштоочу урналар алынды. Бул тууралуу райондун акими Манас Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул ишкана райондун Каргалык айыл өкмөтүндө иштеп келип, жоюлуп кетип, кайра түзүлгөн.

«Бүгүнкү күнү «Таза кызмат» ишканасына жалпы наркы 4 млн 400 миң сомдук техникалар жана жабдуулар алынып берилди. Бул долбоор «Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фонду» тарабынан каржыланды. Мында 8 куб таштанды сыйган унаадан сырткары таштанды таштоочу 20 даана урна да бар. Буга чейин бул ишкана иштеп жатып, бирок тез эле жоюлуп кеткен экен. Быйыл кайрадан ишкананы түптөп, жумушчулар иш менен камсыз болду. Алдыда мекемеге жаңы техникаларды сатып берүү боюнча аракеттер көрүлөт», — деди аким.

7000ге чукул абоненти бар «Таза кызмат» ишканасында бүгүнкү күндө 26 кызматкер эмгектенет. Район калкы 1 айга таштанды үчүн 150 сом акы төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️