Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородогу бала бакчанын кошумча имараты 4 млн сомдон ашык акчага курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы бала бакчанын кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова билдирди.

Анын айтымында, имараттын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланды. 90 балага ылайыкташкан «Айдай» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2011-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

«Бирок мында музыкалык залга зарылчылык күч болчу. Мындан улам быйылкы жылы сметалык баасы 4 млн 694 миң сомдук долбоор даярдалып, жергиликтүү казынадан каражат бөлүнүп берилди. Курулуш үчүн тендер жарыяланып, 4 млн 49,5 миң сомго «Кубат» ЖЧКсы утуп алып, ишти баштаган. 381 миң 200 сомго зарыл болгон буюм-тайым, эмеректер алынып берилип, пайдаланууга берип жатабыз. Ачылыш аземге район акими Манас Мурабеков баштаган жетекчилер, айыл тургундары катышты», — деди Акунова.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө район боюнча бакча курагындагы 2052 бала бар. Бирок анын ичинен 1006 бала 14 бала бакчада тарбияланууда. Алдыңкы күндөрү дагы 5 кыска мөөнөттүү бакча ишке кирүү алдында турат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Кубат» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү – Болотов Чынгыз Нурланбекович. Компания 2023-жылдын 3-апрелинде кайра катоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайдарды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE