Тогуз-Тородогу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 2,5 млн сомго оңдолду

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Дурия Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Атай айыл аймагында жайгашкан. Имарат СССР учурунда курулуп, пайдаланууга берилген.

«Имараттын эскилиги жетип, бул жерде иштеген ак халатчандарга кооптуулук жаралчу. Мындан улам быйылкы жылы райондук оорукананын бюджетинен 2 млн 443 миң сом акча каражатын бөлүп, оңдоо иштерин жүргүздүк. Азыр жаңыланган мекемеде дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө, гинекологиялык отургуч жана эмдөө бөлмөлөрү бар. Бул мекемеде 3 медицина кызматкери эмгектенет», — деди Абдылдаева.

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу айылдагы 2700гө жакын адамга медициналык кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️