Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородо дарыгер менен медайымга чет өлкөгө эс алууга жолдомо берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда эки медицина кызматкерине чет өлкөдө эс алып келүүгө жолдомо берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, белектер медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай район акими тарабынан тапшырылды. Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Дурия Абдылдаева, айыл өкмөттүн жана медицина тармагынын кызматкерлери катышты.

«Элдин саламаттыгына кам көрүүдө ак халатчандардын орду чоң. Андыктан бүгүнкү дарыгерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, калкыбызга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырам. Ак халатчандарыбызды шыктандыруу максатында өз каражытымдан чет өлкөгө 7 күндүк эс алууга жолдома алып бердим. Оорукананын соматика бөлүмүнүн башчысы, дарыгер Канышай Мамыровага Египетке 7 күнгө, улуу медайым Күмүшкан Кыргызбаевага Өзбекстанга 7 күнгө жолдомо берилди. Мындан сырткары калган ак халатчандарга ардак громаталар, акчалай белектер тапшырылды» — деди аким.

22 миңден ашык калкы бар Тогуз-Торо районунда 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 ФАП, райондук ооруканада 200дөн ашуун медицина кызматкери калкка кызмат көрсөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE