Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородо 450 гектар жерге суу жеткирген каналды ашар жолу менен казып жатышат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл аймагындагы каналда суунун нугун буруу жана каналды казуу иштери кызуу жүрүүдө.

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, Доржу каналын казуу иштерине айыл тургундары да кол кабыш кылууда. Учурда каналдын 2600 метр аралыгы тазаланып бүттү. Бул каналды тазалоо, казуу ишине республикалык же жергиликтүү бюджеттен каражат кеткен эмес. Райондук мамлекеттик администрациядан жана 21 мекеме-ишканадан жалпы 120 кызматкер каналды тазалоо жана казуу иштерине катышты.

Суунун нугун буруу үчүн учурда 4 метр тереңдикте казылып, бетондоо иштери жүрүп жатат.

Аким Манас Мураталиевдин айтымында, Доржу каналы ишке кирип калса, райондогу Чайыр-Талаа айылынын жайыт аянттары сугарылып, тоют камдоодо тургундардын көйгөйү чечилет. Ошондой эле 450 гектар жерге суу жетип, сугат иштери жанданат.

Аталган канал 30 жылдан бери иштетилбей, каналдын нугу каралбай калган. Каналдын узундугу 14 км, каналга 9 чакырым аралыктан суу тартылат.

Доржу каналы 1974-жылы курулуп, ишке берилген. Бул каналдын башкы суу алуучу курулмасы суу ташкынынын кесепетинен талкаланып, пайдаланууга жараксыз абалга кептелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE