Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородо 450 гектар жерге суу жеткирген канал 30 жылдан кийин кайрадан пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Доржу каналынын 9 чакырым аралыгы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, каналдын жардамы менен 450 гектардан ашуун жерге сугат суу жеткирилет.

«Жалпы узундугу 14 чакырымды түзгөн Доржу каналы акыркы 30 жылдан бери чөп басып, толуп иштен чыккан. Мындай көрүнүш айыл элинин үлүш жерлерине сугат суу тартыштыгы маселесин жаратчу. Өткөн жылдын сентябрь айында район акиминин демилгеси менен айыл тургундарынын көмөгү жана мекеме-ишканалардын техникасы менен каналды тазалоо, бетондоо жумуштары башталган. Бүгүнкү күндө 9 чакырым аралыгы бүтүп, пайдаланууга берилди. Аны менен Атай айыл аймагынын тургундары тоют эгип келген 450 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, маселе чечилди. Алдыңкы күндөрү каналдын калган бөгүндө жумуштар жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Доржу каналы 1974-жылы курулуп, ишке берилген. Бул каналдын башкы суу алуучу курулмасы суу ташкынынын кесепетинен талкаланып, пайдаланууга жараксыз абалга кептелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE