Тоңдун жаңы дайындалган акими Бактыбек Осмонов боюнча эмнелер белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-август күнү Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Бактыбек Осмонов район активине тааныштырылды.

Жаңы дайындалган район акимин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.

Тоң районунун акими болуп Байышбек Астанакулов эмгектенип келген. Ал Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

    Пример HTML-страницы
  • Осмонов Бактыбек Арапбаевич 1967-жылы 11-июнда Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылында туулган.

Билими:

— 1985-1987- жылдары — Советтик армиянын катардагы жоокери;

— 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда дене тарбия мугалими кесибине ээ болгон;

— 2002-жылы Ош мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1987-1989-жылдары — Алай районундагы Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде эмгек сабагынан мугалим;

— 1992-1998-жылдары — Алай районунун Жолдош Бубаев атындагы № 31 орто мектебинде дене тарбия сабагынан мугалим;

— 1998-1999-жылдары — «Иркештам» өткөрмө пунктунда тескөөчү;

— 1999-2001-жылдары — «Ош» бажысында тескөөчү;

— 2001-2007-жылдары — «Ынтымак», «Кызыл-Арт», «Кара-Мык», «Бар-Дөбө» бажы постторунда тескөөчү;

— 2007-жылы — «Эргеш-Ата» дыйкан чарбасында юрист;

— 2007-2011-жылдары — Ош—Сары-Таш—Иркештам автожол башкармалыгында көзөмөлчү;

— 2012-2016-жылдары — Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2016-2023-жылдары — Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

2023-2024-жылдары — Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️