Тоңдун Ак-Сай айылындагы турак үйлөр толугу менен селден тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылындагы турак үйлөр толугу менен селден тазаланды. Бул тууралуу ӨКМДин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-август күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылындагы турак үйлөргө кирген.

Жеринде түнү менен ӨКМдин 30 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 120 адам, жарандык коргонуу кызматтарынан 25 жумушчу, Б.Мамбетов айыл аймагынан 20 адам, райондук мамлекеттик администрациядан 4 адам, 5 инженердик техника, 2 ассенизатор жана 1 мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүргүзүлгөн.

Жалпысынан суу каптаган 30 үйдүн 10нун жер төлөсүнө суу кирген.

Аталган 10 турак үй таңкы саат 05:30да толугу менен тазаланып бүткөрүлгөн.

Пример HTML-страницы

Калган турак үйлөрдүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен.

Учурда ӨКМдин кызматкерлеринен жана жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️