Пример HTML-страницы

Тоңдун 24 жаштагы тургуну Арген Дастанов 1 тонналык букаларды багып жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын 24 жаштагы тургуну Арген Дастанов 7 түр порорадагы асыл тукум мал-жандыктарды асырап келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Биз Тоң районундагы алыскы айылдын үстүңкү өрөөнүндө турабыз. Союз тараганы атам бул кашарды сатып алып, мал багууга өткөн. 5 жылдан бери асыл тукум мал багуудабыз. Чет жактан алып келинген 7 породаны сыноо иретинде алып келген элек. Анын арасында герефорд, абердин-ангус, Ала-Тоо, швиц, симментал өңдүү асыл тукум мал бар.

Көбүнесе биздин климаттык шартка Ала-Тоо, абердин-ангус жана герефорд породасы ыңгайлуу болот экен. Анткени алар суукка чыдамдуу келет. Музоо кезинде алып келип, өзүбүз колдо багып көрдүк. Былтыр абердин-ангус породасындагы 2 жаш буканы союп, этин элге кайрымдуулукка тараттык. Анын салмагы 1 тонна болуп, эти 900 килограммга чейин жетти. Бул порода сүт жана эт багытында болгондуктан, багууга да ыңгайлуу. Азыр бир айлык музоолорун 60 миң сомдон алып кетип жатышат. Биз көбөйтүп, жергиликтүү тургундарга да жайылтууну максат кылып келебиз. Анткени сандан сапатка өтүү мезгили келди деп ойлойм. Бизде кышкысын кар түшпөйт, жайы-кышы малдарды талаага жайсаң болот. Азыркы убакта байлоого киргизип, 6 айдан соң сатыкка чыгарабыз. Тоют маселесин өз учурунда камдап алабыз. Ангус породасындагы уй тоютту ылгабай жегени, байлоодо бат эт алганы бизди кызыктырды.

Мындан сырткары «Арашан» койлоруна өтүп жатабыз. Буга чейин уяң жүндүү койлорду багып келсек, азыр Арашан койлорун алып келүүдөбүз. Максатыбыз — асыл тукум мал өстүрүү боюнча элге жардам берүү, кайсы мал бизге багууга боло турган болсо, ошону өстүрүүгө аракет жумшоо. Биздин өрөөн негизи мал киндиктүү, таптакыр малы аз деген үйдөн кеминде 5 уй бар. Облустун башка райондорунан да кеңеш алганы келишет. Биз алардын суроолоруна жооп берип, мал багуудагы сырларыбыз менен бөлүшөбүз. Азыр байлоодогу букалар 6 айдан соң сатыкка даяр болот. Алды 2 жаш, азырынча салмак кошкону жакшы. Мындан кийин да башка породадагы мал-жандыктарды алып келүүнү пландап жатабыз», — деди жаш фермер.

Turmush басылмасына катталуу аркылуу Арген Дастановдун байланыш номурун ала аласыздар…

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE