Тоңдук Алишер 5 чакырым жол басып, машыгууга барганын унутпайт

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Калкагар айылынын 21 жаштагы тургуну Алымбек уулу Алишер эркин күрөш боюнча ийгиликтерге жетишип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«4-класста окуп жүргөндө, спортко кызыгуум арта баштады. Анан кошуна байкеге 25 сомдон төлөп берип, күрөштүн сырларын үйрөндүм. Ошол мезгилде Калкагар айылына «Кулатуу» улуттук күрөшү боюнча Азамат Ибраев машыктыруучу болуп келип, айылдын балдарын спорттун бул түрүнө тарта баштаган. Мен кулатуу түрү боюнча машыгып, сырларын өздөштүрүүгө багыт алган кезде, машыктыруу боюнча иш алдыга жылбай токтоп калган. Ошентип спортко кызыккан жаштардын демилгелери сууп, үмүттөрү өчүп турганда, Калкагар айылынын тургуну — коомдук активист Эрлан Абакиров жаштарга колдоо көрсөтүп, дем берди. Ал мүмкүнчүлүгүнө жараша бир бөлмөнү жабдып, спортту сүйгөн балдардын башын бириктирип, эркин күрөш боюнча машыктыруу менен айылдын спорт тармагын жандандыра баштады. Кызыккандардын саны күндөн-күнгө арбыганы менен четинен кетип отуруп, аягында жалгыз мен гана калгам.

Менин спортко жан дилим менен берилгенимди байкаган Эрлан агай келечектен үмүт кылып, өзүнүн унаасы менен кошуна айылдагы машыгуу залына мени алып барып жүрдү. Спортко кадам ташташыма Эрлан агайымдын эмгеги зор. Кийинчерээк 5 чакырым жолду жөө басып, машыгуумду уланта бердим. Андан соң биздин Калкагар айылынын кулуну Төрөгелди Рысмендеев өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөп, айылдагы спорт тармагын өнүктүрүүнү колго алды. Бул кабарды укканда кубанычыма чек жок эле. Анткени бактыма тажрыйбалуу машыктыруучу келип, келечегиме жол ачып берди. Айылдагы кароосуз калган жайды жаштардын жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, керектүү буюмдарын алып, атайын машыктыруу залын ачты. Кыш мезгилинде ортого чоң кара мешти коюп, улам бири от жагып, кыйынчылыктарга моюн сунбай спортко болгон кызыгуубуз күч алды.

Спорттун грек-рим күрөшү боюнча тынымсыз машыгып, эркин күрөштү үйрөнө баштадык. Буга чейин эч жерден мындай күрөштү көргөн эмесмин. Бул биз үчүн жаңылык болду. 2017-жылдан 2019-жылга чейин даярданып, 2019-жылы алгачкы жолу Каракол шаарында өтүп жаткан мелдешке катыштым. Алгачкы эле беттешим ийгиликтүү болуп, 2-орунга ээ болдум. Андан кийин тынбай турнирлерге чыга баштадым. 2019-жылы Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтүп, анда коло байгени жеңип алдым. Бул менин эсимде калган эң жакшы күнүм болуп калды. Биздин улуттук каналыбыздын спорт берүүсүнөн бул турнир көрсөтүлүп, менин ийгиликтеримди айылдаштарым да сыналгыдан көрүп, толкунданып, кубанышыптыр. Албетте, бул мен үчүн чек болгон жок, алга карай умтулуума зор күч-кубат болду. Бардык күч-аракетин биз үчүн жумшап, талыкпастан машыктырып жаткан Төрөгелди Рысмендеев агайыма терең ыраазычылыгымды билдирем.

Болгон аракетимдин натыйжасында ийгиликтерге жетише баштадым. Ысык-Көл облусунун ачык чемпионатында жана “Бириккен күрөш” уюму өткөргөн ачык чемпионатта да 66 килограмм салмак чен бирдигинде күч сынашып, күмүш байгени жеңип алып, чемпион болдум. Чынында жүрөк кубанткан жеңиш оңой эле келе койгон жок. Талыкпаган эмгектин жана сабырдуулуктун натыйжасында жеңиштер жаралды деп ойлойм. Келечекте кыргыз элинин желегин желбиретип, дүйнөлүк мелдештерге катышсам деп тилек кылуудамын», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️