Тоңдук Айбермет республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагынан 1-орунду ээледи

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айбермет Өмүрбекова республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты сабагынан 1-орунду ээледи. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

«Атам комузчу, апам кыргыз тилчи мугалим болгондуктан үй-бүлөбүздө эне тилибизге болгон сүйүү өзгөчө. Ошондой эле эжем Айдай Өмүрбекова 2016-2017-окуу жылында республикалык олимпиададан кыргыз тили жана адабияты сабагынан 2-орунду ээлеген. Ушул жагдайлардан улам кыргыз тилин өзгөчө сүйүп окуп, изилдөө менен апам экөөбүз олимпиадага даярдык көрө баштадык.

8-классымда Билимкана олимпиадасында республикалык баскычта 1-орунга татыгам. 9-классымда райондук баскычтан 1-орунду, 10-классымда облустук баскычтан 2-орунду камсыздадым. Быйылкы олимпиадага даярданууда буга чейинки алган билимдин пайдасы зор болду. Ар бир күнгө план түзүп, апам экөөбүз атайын жобо боюнча даярдык көрүп жаттык. Олимпиада болуп жаткан учурда жыйынтык кандай чыгат деген тынчсыздануу болуп жатты. Жеңүүчү катары өзүмдүн атымды укканда абдан сүйүндүм. Жеңишке жетүү үчүн талыкпаган эмгек, чыдамкайлык, туруктуулук керек деп ойлойм», — деди ал.

26-март күнү Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын конференция залында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда олимпиаданын жыйынтыктоо салтанаты болуп, олжолуу орунду ээлегендер диплом жана белектер менен сыйланышты.

«Жеңүүчү катары мен диплом жана планшет менен сыйландым. Мени даярдаган мугалимим — апам Салкын Аламанова. Бул жеңишке жетүүдө апамдын эмгеги абдан зор. Мага туура багыт берип, ишеним көрсөтүп, ошол эле учурда эркелетип турган апама чексиз ыраазымын. Атам Рысбек Жунушов учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эмгектенет. Ата-энемдин колдоосу жок бул жеңишке жетүү мүмкүн болмок эмес. Мага бардык сабактар кызыктуу. Өзгөчө кыргыз тили, кыргыз адабияты жана математиканы жакшы көрөм. Бош убактымда комуз чертем, ырдайм жана китеп окуйм. Ошондой эле комуз, англис тил ийримдерине катышам. Келечекте эң алгач татыктуу адам болгум келет. Ошондой эле келечекте мекенибиздин билим тармагына өзүмдүн салымымды кошоюн деген жакшы тилектерим бар», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ал эми Айберметтин мугалими жана апасы Салкын Аламанова Сокулук районундагы Орок орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. 1995-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

«Жолдошум экөөбүз беш баланын ата-энесибиз. Окуучум Айбермет өзүмдүн кызым. Кызым кичинесинен эле окууга абдан дилгир. Сабагын өзгөчө кызыгуу менен окуйт. Абдан аракетчил, ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Атабыз комузчу болгондуктан балдарыбыз кичинесинен комуз күүлөрүн угуп чоңоюшту. Ушундан улам комуз чертет, ырдайт. Бош убактысы болгондо китеп окуйт, бирге тамак даярдайбыз.

Мен кызым менен сыймыктанам жана дайым билим алууга, жаркын келечегине салым кошуу аракетимди көрүп келем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️