Тоңдогу соода түйүндөрдө кайсы азыктардын баасы көтөрүлдү?

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын учурдагы бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү кызматтын өкүлдөрү тарабынан азык-түлүк бааларына болгон мониторинг өттү. Анда социалды жактан маанилүү товарлардын (ун, кумшекер жана өсүмдүк майы) бааларынын кескин көтөрүлүшү байкалды. Ошондой эле самын, жуучу каражаттар сырттан ташылып келгенине байланыштуу баалары көтөрүлдү. Андан башка товарлардын кымбаттагандыгы байкалган эмес.

Атайын комиссия соодагерлер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды өтө кымбаттатпай, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Учурда Бөкөнбаев айылында кумшекердин баасы 105-110 сомдон, Казакстандан алып келинген ундар 2300 сомдон, жергиликтүү ундар 1800-1900 сомдон, кесменин килограммы 65 сомдон, сабиздин килограммы 35 сомдон, пияздын килограммы 25 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️