Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Тоңдо жѳѳ күлүктөрдүн катышуусунда өзгөчө тушоо той өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнѳ карата майрамдык иш-чаралар болуп ѳттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында майрамдык салтанат Бѳкѳнбаев айылындагы №2 балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын «Бала жылмайса, аалам жылмаят» аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен башталды. Майрамдын катышуучуларын Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б.Кыдырова, Күн-Чыгыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Моңолдоров куттукташты.

Ошондой эле «Жеңиш» паркында Бѳкѳнбаев балдар музыкалык мектебинин окуучулары тарабынан майрамдык концерт тартууланды. Андан соң салтка айланган «Тушоо той» аталышындагы жѳѳ күлүк марафону старт алып, Бѳкѳнбаев—Манжылы багыты менен 10 чакырым аралыкка чуркаган спортчулар наристелердин тушоосун кесишти. Жеңүүчүлѳр баалуу белектер менен сыйланып, меймандар үчүн фольклордук концерт, салттуу пикник ѳткѳрүлдү. Учурда Манжылы участкасында «Таза жээк» акциясы жана улуттук оюндар уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE