Пример HTML-страницы

Тоңдо жааган мөндүр тургундарды чыгымга учуратты (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагында мөндүр жаады.

Айыл тургундары мөндүр өрүктүн түшүмүн талкалап кеткенин айтышууда.

Тоң районунун мамлекеттик администрациясы билдиргендей, Эшперов айылындагы мөндүрдүн кесепетинен мөмөлүү бак-дарактар жабыркады.

Б.Мамбетов айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, Эшперов айылында мөмө-жемиш бактарынын 60 пайызы, жашылчанын 80 пайызы, картошканын 15-20 пайызы мөндүрдөн жабыркаган. Жерине атайын комиссия барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE