Тоңдо тоо көлү жарылып, тургундар эвакуацияланууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-августта Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлдү.

Мындан улам суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшүп, адам өүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.

Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы “Балык завод” тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суу нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча, бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.

Тоң райондук мамлекеттик администарциясынан билдиришкендей, атайын штаб түзүлүп, жергиликиүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында эвакуация иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Учурда атайын техникалар менен жеринде иш алып барылыр, суунун нугу бурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️