Тоңдо Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, эскерүү иш-чарасына Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мугалимдер, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналган «Кырк шейит» тарыхый эстелигинин алдында уюштурулуп, шейит кеткен ата-бабалардын арбагына Куран окутулду.

Иш-чараны катышуучуларына райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери А.Адырбек уулу 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылы, анын тарыхый мааниси, «Кырк шейиттин» тарыхы жөнүдө баяндама жасап берди. Ошондой эле, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери ошол мезгилдеги окуяларды чагылдырып көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️