Тоңдо майда жандыктарга кол салган чөөлөр жок кылынды

TurmushТоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Рыбзавод тилкесинде чөөлөр атылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Жаныбек Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, бул аймакты чөөлөр каптап, козу, тоок, үндүк жана башка майда жандык калбай калган. Жалпы 5 чөө атылды.

Мергенчилердин жана балыкчылардын Ысык-Көл облусундагы коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Марат Өмүрбековдун маалыматы боюнча, акыркы 10-15 жылдан бери Ысык-Көлдүн аймагында чөө абдан көбөйүп кетти.

«Казакстандан келген жандык Чүй облусуна келген. Эми акыркы жылдары Ысык-Көлгө келе баштады. Чөөлөр Күн-Чыгыш айыл аймагынын жашоочуларынын жандыктарына кол салып, элди бушайман кылып жаткан үчүн айыл өкмөт биздин коомго кайрылган. Кайрылуунун негизинде ушул иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине маалымдоо менен биргеликте Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн туристтик-экологиялык милициясынын, ошондой эле Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен уюштуруп жатабыз. Иш-чаранын максаты жырткычтардын санын азайтуу болуп саналат. Атайын үйрөтүлгөн иттер менен тилкени мергендер курчап алып, иттерди коё беришет. Анан иттер чөөлөрдү айдап чыкканда мергенчилер атып калышы керек. Былтыр 130 чөө, 35-40 карышкыр жок кылынды. Бул жырткычтар карапайым элге миллиондогон чыгымдарды алып келип жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️