Тоңдо катуу жамгыр жаап, жолду кыян жеп кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районунун Кескен-Бел тилкесиндеги жолду сел жеп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-августта саат 13:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 65-чакырымын (Кескен-Бел тилкеси) суу каптап жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан ыкчам топ тартылган.

Кум шагыл баскан унаа жолду тазалоо иштерине 1 грейдер тартылган.

Учурда тактоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Суу унаа өтүүчү жолду жеп кооптуу абал жараткан. Тескей тарап менен жолго чыккан айдоочуларды этият болууга чакырышууда. Учурда жеринде тийиштүү адистер иштеп, суу нугун буруучу арыктарды казып жаткан маалы.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Бөкөнбаев—Көл-Төр—Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу—Темир-Канат тилкеси каттам үчүн ачыла электигин жазган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Зындан көлү жарылгандан кийин Тоң дарыясынан ылдый түшкөн суу агымы жолдун тилкесин жууп кеткен. №33 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери суу айылды каптап кетпеши үчүн суунун агымын бурган. Суунун деңгээли төмөндөгөн.

Ал эми унаалар Тогуз-Булак айылындагы жана Ак-Сай—Көк-Сай альтернативдик жолу менен каттап жатат.

2024-жылдын 21-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бийик тоолуу Зындан көлүндө жарылуу болду. Мындан улам Тоң дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү.

Жүздөгөн адамдар эвакуацияланып, жолдор жабылды. Жергиликтүү бийлик жогорку даярдык режимин жарыялады. Кечке жуук суунун агымы Тоң дарыясына бурулганы белгилүү болду.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти мурдараак жергиликтүү бийликке бийик тоолуу Зындан көлүндө жарылып кетүү коркунучу тууралуу кабарлаган.

Мекеменин директору Даурбек Сакиевдин айтымында, №УН И-167 Зындан Батыш көлүнө дистанциялык мониторинг жана жерди изилдөө боюнча жүргүзүлгөн мониторинг иштерине ылайык, азыркы учурда бурулуштун жогорку коркунучу бар экени кабарланган. Бул көлдүн бетинин аянтындагы өзгөрүүлөргө, температуралык шарттарга, ошондой эле болжолдонгон катуу жаан-чачынга байланыштуу.

ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти бийик тоолуу Зындан көлүнүн (И-167) абалы боюнча болжолдуу маалыматын жөнөтүшкөн. Эксперттер жылыш ыктымалдыгы сентябрдын биринчи жарымына чейин сакталат деп болжолдошкон.

Сакиевдин айтымында, акыркы жолу жергиликтүү бийликке кат 2024-жылдын 19-августунда келген. Ал жерде Зындан көлүнүн жарылып кетүү коркунучу күчөгөнү айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 22-августтун таңында көлдүн жылып кетишинен улам 490 адам эвакуацияланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️