Тоңдо Балыкчы—Барскоон жолунун курулушу үчүн кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор алынууда

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда Балыкчы—Барскоон унаа жолунун экинчи этабын куруу боюнча пландоо жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жол инженери Эркинбек Бейшенбиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө Ак-Сайдан баштап Төрт-Күлгө чейин жолдун четинин чегин аныктоодобуз. Маселе аябай көп экен. Айылдагы дээрлик бардык үйлөрдүн тосмосу кызыл сызыктан чыгып кетиптир. Жолдун оң жана сол тарабы 16 метрден 32 метр болуш керек. Бирок тилеке каршы 16 метр чыкпай, 14 метр чыгып калып жатат. Ошондуктан бүгүн акимчилик, айыл өкмөт жергиликтүү тургундар менен биргеликте бардыгын аныктап чыктык. Бул ишти көпкө созбошубуз керек. Акимчиликтен, элден да суранып жатабыз. Ишти токтотпой алып кеткенге, эл дагы көмөк көрсөтүп жардам бериш керек», — деди Э.Бейшенбиев.

Тоң районунун акими Байыш Астанкулов төмөнкүлөргө токтолду.

«Бүгүн өзүңөр көрүп тургандай, жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө эки компания иш алып барып жатат. Ошонун негизинде биз райондук деңгээлде комиссия түзүп, жолго чыгып кеткен турак жайлардын тосмолорун, суу алуучу өтмөлөрдү аныктап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Учурда көп үйлөр стандартка жооп бербей жатат. «Кызыл документибиз бар. Үйдү өзүбүз курганбыз» деген жарандар чыгып жатат. Силерди кууп жаткан жерибиз жок. Мыйзамдын негизинде иш алып барабыз. Элди түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт элем», — деди Б.Астанкулов.

Долбоор «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржылоосу менен өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругу менен ишке ашууда.

Пример HTML-страницы

Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын куруу пландалууда. Маршруттун жалпы узундугу 144 чакырымды түзөт. Алдыда бөлүүчү тосмо менен 4 тилкелүү жол пландалууда. Асфальттын үстүңкү катмарын куруу үчүн майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон колдонулат.

БалыкчыБарскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания — Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат.

Жол тармагында 30 жылдын ичинде жергиликтүү компанияларга, ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.

Башкысы Балыкчы—Барскоон долбоору Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүүнүн баштапкы чекити болуп калат.

Балыкчы—Барскоон унаа жолун реконструкциялоого 798 миң АКШ доллары сарпталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️