Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгып, жол эрежелерин сактоого чакырышты

TurmushЫсык-Көл облусунда жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатындагы иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Тоң районундагы жол тескөөчүлөр жаш өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлор менен биргеликте атайын акцияларды уюштурууда. Акция учурунда жаш өспүрүмдөр көчөлөрдө атайын жөө жүрүштөрдү уюштуруп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына (айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө, жаш өспүрүмдөргө жана башкаларга) жолдо жүрүү жана жолдордон өтүүдө эрежелерди так сактоолору боюнча бир катар кайрылууларды жасашты.

«Бул иш-чарага авто мектептерде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жаткан курсанттар дагы тартылып, жаш өспүрүмдөргө жолдо жүрүү эрежелери боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришүүдө. Бул акция жалпы облус боюнча өткөрүлүп жаткан «Көңул бургула балдар!» аталыштагы рейддик иш-чаранын алкагында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️