Тоңдо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүлдү

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылында Бишкек шаарынан келген адистер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине окууларды өткөрүп жатышат. Бул туурадуу «Рука в руке» аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин уюмунун өкүлү Айнура Жанакунова билдирди.

«Райондогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан атайын адистерди алып келгенбиз. Адистердин арасында логопед-дефектолог, балдар психологу жана реабилитолог-невролог бар. Алар 3 күндөн бери ата-энелерге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен кандай иштеш керек, кантип жардам берүү зарыл, коомго даярдоо боюнча окууларды өтүп жатышат. Мындан сырткары балдарга диагностика коюп жатабыз. 3 күн ичинде 30 балага диагностика кылдык», — деди ал.

Баласын алып келген Айнура Бакалчиева төмөнкүлөргө токтолду.

«Дарыгерлер балама Дауна синдрому диагнозун коюп беришкен. Учурда 10 жашта. Буга чейин шаарга барып, билим алып келгенбиз. Азыр шартыбызга байланыштуу алыскы айылда турабыз. Баламда өзгөрүүлөр көп. Тарбиялап жаткан адистерге жана Айнура эжеге абдан ыраазымын. Балдарга өзүнүн баласындай жакшы мамиле кылат. Үч күндүк семинар болуп жатат. Бардык жагынан жардам болду, баламды текшертип тийиштүү анализдерин тапшырдык. Балдарга ушундай мүмкүнчүлүктөр көп болсо жакшы болор эле. Анткени алыскы аймактарда жашап жаткан балдардын каалоолору көп, мүмкүнчүлүктөрү жок. Биз өзүбүз алыскы Көл-Төр айыл өкмөтүндө жайгашкан жерде отурабыз. Ушул жакка атайын алып келдик. Себеби бул балдарды коомго кошушубуз керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️