Тирүү адамдардын сүрөттөрү тартылган күмбөздүн сыры

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын түштүк жагындагы Күмүштак өзөнүнүн чыгыш тарабында Бөлтөк адырында 1 кылым мурун салынган күмбөз сакталуу. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын таржымалын такташтырды.

Бакай-Ата айылынын 74 жаштагы тургуну Салтанат Турдалиеванын айтымында, күмбөздү Кашкардан келген 40 уста салган. Аны Арзымат бай атасы Күзөккө арнап салдырганы менен эл аны Арзымат байдын күмбөзү деп атап калган.

«Ал жердеги Бөлтөк деген адырда чаян деген уруу жашаган. Мен да ошол уруунун кызы болом. Бул күмбөз менин чоң аталарыма таандык. 1915-жылдары курулган. Апам Жаркынай бул күмбөз салынып жатканда 17 жаштагы кыз экен. Апам 88 жашында каза болду. Апамдын оозунан уккандарымды айтып берейин.

Бул күмбөздү ошол кезде чаян уруусун баккан, мал-жандуу Арзымат деген бай өзүнүн атасы Күзөккө салдырган. Менин апам Күзөктүн бир тууганы Бөлөкбай деген кишинин келини болгон. Мен чөбөрөсү болом.

Күзөк чоң атабыз 99 жашында каза болгон экен. Эл Арзымат бай деп тергеп айтчу экен. Ал өзүнүн атасына күмбөз салдырып, чоң аш бериптир. Күмбөздү салууга Кашкардан 40 уста, кыйын сүрөтчүлөрдү алып келет. Күмбөз салынып баштаганда апам келин болуп, кызмат кылып, күн сайын усталарга тамак жасап бергенин айтчу. Ошол өздөрү жашаган адырдагы ак топурак, кыш жасаганга жарайт экен. Ак топуракты элеп, эчкинин жүнүнө жууруп, аны кургатып, андан кийин эчкинин майына ийлеп, аны тандырга бышырып, кыш кылышкан экен. Чаян уруусунан да элдин баары жардам берип турган. Жанагы кыштарды бышырыш үчүн жигиттер өгүздөр менен отун ташыган экен. Эчкилерди союп, жүнүн, майын кышка колдонуп, этин элге таратып турушкан. Ошол жерде иштегендерге күн сайын жылкы союлуп, кемпирлерге жылкынын куйрук, жалынан кыл аркан жасатышкан экен. Анткени өгүз менен отун тартканда жип чак келбей, тынбай кыл аркан кылышкан экен.

Пример HTML-страницы

Күмбөздүн бийиктиги 10 метрден жогору, жанына барсаң абдан чоң. Бала кезде бизди алып барышчу. Күмбөздүн ичинде төрдө чай ичип отурган адамдын, жанында байбичесинин, жанында төө жетелеген келиндин, төөнүн үстүндө кыздын элеси тартылган болчу. Апам «Төрдө чай ичкен Арзымат бай, жанында байбичеси Бурул. Төөнүн үстүндөгү кыз Арзымат байдын кызы Кынапия. Ал эми төөнү жетелеген келин менмин (Жаркынай апа)» деп айтчу. Апамдын элесин кайын сиңдисин жетелеп жүрөт деп чагылдырышкан экен. Мен дагы ал Кынапия эжебизди көрүп калдым. Бир жагында бүркүттүн сүрөтү бар эле. Кийин колхоздоштурганда эл ал жерден көчүп, ээн калды. Ээн калганда кичинекей балдар, ичине ар нерсе жазып, баягы сүрөттөр өчүп кетти. Байлар кулакка тартылган кезде, бул аталарыбыз дагы кулакка тартылып кеткен.

Согуш убагында биз жакка Кавказдан айдалгандарды отурукташтырып койгон экен. Ошолордун бири меш салам деп күмбөздүн үстүнө чыгып, кыштарын бузуп баштаптыр. Кышын четинен бузуп баштап, төбөсүнө жеткенде кулап түшүп, каза болуптур.

Күмбөз бекемдигинен бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе болбой турат. Атайын бирөөлөр бузган жери болбосо, 1 кылым өтсө дагы бир дагы жаракка кеткен эмес. Кичинемден баштап апам менен барып Куран окутуп турчубуз. Бүгүн өзүм балдарым менен барып, Куран окуткан учурга жеттик. Бул мен үчүн чоң тарых», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️