Turmush — «Тарс» деген катуу чыккан үндөн кулагынын тарсылдагы (сырткы кулак менен ортоңку кулакты бөлүп турган ичке кабык) тешилип, көчөдө эс-учун жоготуп жыгылган адамды күбөлөр өлүк сактоочу жайга жеткирген таң калыштуу окуяны баяндаган 35 жаштагы Айгерим Асанканова Чүй облусунун Москва райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери.
Анын жашоо турмушу жана кызыктуу окуялары менен аймактык кабарчы таанышты.
«Балалыгым Москва районунун Беловодск айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө (мурдагы Калинин) айылында өттү. Ошол күндөрдө фотоаппарат көтөргөн орус улутундагы Женя байке биздин айылга көп келет эле. Ага бир нече жолу атам экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Азыр ошол сүрөттөрдөн айрымдары гана сакталуу. Баса, кечээ жумуштан чыгып үйгө баратып, ошол байкени көрдүм окшойт. Же ал эмеспи, окшоштурдумбу. Айтор, бир кызык окуя эсиме түштү. Өткөн жылдарда Женя сүрөтчү унаа жолдон өтүп баратканда кайдан-жайдан бир “тарс” деген катуу үн чыгат. Ал ошол замат жолдо жыгылып, эс-учунан танат. Ал окуяга күбө болгондор: “Өлүп калыптыр. Ооруканага алып баргандан пайда жок. Түз эле өлүк сактоочу жайга алып баралы” дешип, унаага салып жөнөшөт. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз унаа өлүк сактоочу жайга жеткенде баягы сүрөтчү көзүн ачып, айланасын карайт. Тиги кишилер таң калып, “Женя, байке!” деп, денесин силкилдетишет. Ал көзүн гана жалтыратып, эч нерсе укпай, өзү менен өзү алек болот. Көрсө, катуу чыккан үндөн кулагынын тарсылдагы тешилип кетип, эч нерсе укпай калган экен. Ушул окуя айыл аралап көп айтылып, айрымдары күлкүгө айлантса, кээ бирөөлөр таң калып, жакасын кармап да жүрүштү. Деги балагым кызыктуу окуялар менен коштолду. Ырааматык Бактыгул атам: “Кызым куйма кулак. Бир нерсе укса, аны түк унутпайт. Ошондуктан, абайлап сүйлөп жүргүлө” дегенде, жоокерлердей боюмду түзөп, сыр бербей колду артка алып, командирдей ары-бери басып коёт элем. Анда эжемдер: “Койчу ушул былтыйган кызыңызды. Мектепте балдар менен мушташып, элдер аны “Бактыгулдун балбан кызы” деп жүрүшөт” дешчү эле.
Анда да алардын жинине тийип, секирип басып, ичтерин күйгүзчүмүн. Бирок, алардын айтканы да жөндүү эле. Классташтардан эң бойлуусу мен элем. Катарга турганда биринчи болуп, баарын ээрчитип, оңго, бирде солго басканда мугалимдер баш чайкап күлүшчү. Эсимде, кыш мезгили. Бир классташ бала улам эле кар менен уруп, жиниме тийди. Чыркыратып кубалап, артынан кууп жетип, карга басып жыгылдым. Койнунан бери кар салып, өтүгүн чечип ыргытып жибердим. Бул окуяны ал апасына айтып барыптыр. Кечинде “Бактыгул, сенин балбан кызың кайда? Менин уулумду суукта тоңдуруп…” деген сырттан үн чыгып калды. Ал учурда атам жумушта эле. Мен төшөккө оронуп, бекинип алдым. Сыртка апам чыгып, бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Ошондо коркконумду айтпаңыз. Бир убакта алар күлүп калышты. Дене боюм жайылып, сүйүнүп калдым. Апам үйгө кирип: “Эгерде атаң уга турган болсо, катуу жазалайт. Кыздар менен эле ойносоң. Дайыма уул балдар менен кармашасың. Тур, сабагыңды даярда” деген эле. Азыр ошол классташыма жолукканда ал күндөрдү эстеп, күлүп калабыз. Кандай болгон күндө да балалык күндөр кандай сонун!», – деди Айгерим Асанканова.
Ал 1988-жылы 12-декабрда Москва районунун Беловодск айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. Айылдагы А.Садыков атындагы орто мектепти аяктаган соң, 2011-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен өрт коопсуздугунун инженери адистигине ээ болгон. Андан соң, үстүбүздөгү 2023-жылы КР ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы академиянын юриспруденция бөлүмүн аяктаган. Кош дипломдуу погончон айым Айгерим Асанканова атасынын табышмактуу акыркы сөзү жөнүндө айтып берди.
«Ырааматылык подполковник атам көп жылдар бою КР юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №16 түзөтүү мекемесинде эмгектенди. Ал: “Кызым аты эле айтып тургандай өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштөө жооптуу, татаал. Ошондой болсо да бардык кыйынчылыктарды жеңүү керек. Дарак бир жерден көгөрөт. Ак иштеп, ушул кызматтын үзүрүн көр” деп айтчу. Көптөгөн кеп-кеңештери күнү бүгүн да эсимде.
Эмгек жолумду Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ӨКБдан баштап, КР ӨКМне караштуу кризистик кырдаалда башкаруу борборунда 2021-жылга чейин иштедим. 2021-жылы Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Ушул жылы чоң жоготууга учурадым. Таянар тоом, эң кымбат асыл адамым атамдан 30-декабрь күнү айрылдым», – деп үнү каргылданып, көздөн жаш алды.
«Өмүр, өлүм, жоготуу, түбөлүккө ажыроо жана башка түшүнүктөр жан дүйнөмдү уялады. Бүгүн да көз алдымда. 2021-жылдын 27-декабрында министрликтин чакыруусу боюнча Ысык-Көлдөн Бишкекке келгем. Иштерим бүткөн соң, негедир эле атамды көргүм келе берди. Ошентип, кеч болсо да ата-энем менен учурашууга келдим. Алар менен жай сүйлөшүп, таң да атты. Эртеси атам унаасына салып, жолго чыктык. Бир убакта төрт көчөгө келгенде: “Кызым, мындан ары унаа тосуп кете бер. Жол чырагы жашыл жанып турганда дароо өтүп кетейин” деп, мени менен өтө шашылыш коштошуп, жөнөп кетти. Мен анда эч нерсе сезген, туйган да жокмун. Арадан 3 күн өткөн соң, тактап айтканда 30-декабрда “атаң каза болуптур” деген суук кабар жетти. Ошол мүнөттөрдү азыр эстей албайм. Ысык-Көлдөн Беловодск айылына кантип жеткенимди да билбейм. 2022-жаңы жылдын 1- январында 75 жаш курагында атам жерге берилди. Тагдырга баш ийип, көз жашыбызды көлдөтүп, 5 бир тууган апам Канымбүбүнү кучактап кала бердик. Эми ойлойм да. Атам эмнеге шашылып, жашыл жанган жол чырагынан өтүүгө ашыгып, мага “жол чырак жашыл…” деген табышмактуу сөзүн ар түрдүүчө түшүнүп келем. Мүмкүн, мага ак жол каалагандыр», – деди ал.
Офицер Айгерим Асанканова өз сөзүндө Чүйдүн Ысык-Ата районуна келин болгонун жана Жанара аттуу кызды тарбиялап келе жатканын кошумчалады.
«Турмуш мени ташкалтты. Дем алыш күндөрү өздүк корообузга картошка, сабиз, пияз, помидор жана башкаларды өстүрүүнү да үйрөндүм. Айрым күндөрдө эжеме кошулуп, базарда соода-сатык жүргүзгөн учурлар да болгон. Ал күндөр да өттү. Учурда Москва райондук ӨКБда эмгектенип келем. Бизде 30дай кызматкер эмгектенсе, алардын арасында 3 айым бар. Алтын Садыкова, Гүлсүнбүбү Эсеналиевалар өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн радиотелефонисттери. Мен кесиптештерим менен сыймыктанам. Жалын чачкан тилсиз жоо менен кармашууда алардын эмгеги өзгөчө. Тыным албаган эмгек адамды чыйралтып, такшалтып келет тура. Кайда жүрсөм да атамды сагына берем. Апамды кучактап, анын жытына байыр алган жаным жаш баладай эркелеп да кетем. Эми айта берсем ойлор көп, сөзүм түгөнбөйт. Бир арманым атам менин акыркы ийгиликтеримди көрбөй кеткенине өкүнөм. Өзүмө-өзүм кайрат айтып, кызымдын, апамдын, туугандарымдын амандыгын жараткандан тиленем», – деп, сөзүн жыйынтыктады ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.