Тимур Жумалиев Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумалиев Тимур Болотович Чүй облусунун Аламүдүн районунун караштуу Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 4-ноябрында Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Азамат Эргешов кол койду.

Буга чейин аталган кызматта Попиков Олег Владимирович иштеп жаткан. Ал өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулду.

Тимур Жумалиев 1981-жылы Аламүдүн районунун Бирдик айылында төрөлгөн. 1998-2003-жылдары К.И.Скрябин атындагы кыргыз агрардык университетинде агроном кесиби боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

Пример HTML-страницы

— 2007-жылы Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүндө айдоочу;

— 2010-жылы «Жумалы» чарбасында агроном;

— 2011-жылы Гроздь айыл өкмөтүндө жерге жайгаштыруу боюнча адис;

— 2017-жылы Гроздь айыл өкмөтүндө жерди өнүктүрүү боюнча башкы адис;

— 2021-жылы Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2024-жылы 29-февралынан бери Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️