Пример HTML-страницы

Тилек Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктады. Исламбек жана Руслан Матраимовдордун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТилек Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктап, Ош шаардык сотуна өттү. Бул маалыматты Тurmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, сот иштин маңызы боюнча карап баштайт.

Ал эми Ош шаардык соту Исламбек Матраимов жана Руслан Матраимовдун бөгөт коюу чарасын узартты.

«Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 11-майындагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) боюнча шектелген М.И.И. жана М.Р.И.нин камактагы бөгөт коюу чаралары 2024-жылдын 18-июлуна чейин узартылды», — деп айтылат маалыматта.

——————————————————————-

Turmush 2024-жылдын апрель айынын аягында Тилек Матраимов камактан бошотулганын жазган. Ал үй камагына чыгарылган.

2024-жылдын 26-мартында Райымбек, Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Бишкек шаарына алынып келген.

«Р.Матраимов «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болуп, бажыдагы жана мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин уюшкан кылмыштуу топ түзгөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго УКМК издөө жарыялаганы 26-январда маалым болгон. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) менен козголгон.

——————————————————————-

М.Т.И. [Матраимов Тилек Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмышты жасоого шектелип жатат.

М.Р.И. [Матраимов Руслан Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасоого шектелип жатат.

М.И.И. [Матраимов Исламбек Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасоого шектелип жатат.

Бир тууган Матраимовдор тууралуу маалыматтар төмөндөгү видеодо:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE