Пример HTML-страницы

Тилек Эркинов кулпунайдын 5 сортун өстүрүп, ар бир теримде 100 кг түшүм алып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТилек Эркинов Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 50 сотых аянтка биринчи жолу кулпунайдын 5 сортун өстүрүп жатат. Өткөн жылы отургузган көчөттөрү учурда түшүмүн берип, алгачкы теримдерде 500 килограмга чейин түшүм алса, учурда ар бир теримде 100 килограмга чейин түшүм жыйноодо.

Каарманыбыз кулпунайдын килограммын 200 сомдон жогору сатып, түшүмү көбүнчө Россияга экспорттолуп жатканын айтат.

«Кулпунайдын альба, клери, Азия, Митчинова, Африка деген сортторун өткөн жылдын август айына чейин тиккенбиз. Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 50 сотых аянтка досум экөөбүз айдаганбыз. Жерди айыл өкмөттөн ижарага алганбыз. Биринчи жолу өстүрүп, түшүм алып жатабыз. Кирешесин азырынча так айта албайбыз. Туруктуу кардарлар бар. Өткөн жылга салыштырмалуу баа арзан болуп жатат. Анткени быйыл жаз кеч келди. Башында 250 сомдон сатылган, кийин эң арзаны 130 сомго чейин түшүп кетти. Азыр эми кайра 200 сомдон жогору баада сатып жатабыз.

Башында ар бир теримде 500-550 килограмга чейин алып жатканбыз. Учурда 100 килограммдан ашык алып жатабыз. 24-25-терим десек болот. Биздин түшүм Казакстан, көбүнчө Россияга экспорттолуп жатат. Биздеги сорттор эрте жазда гана түшүм берет. Кеч күздүк терим жок», — деди дыйкан Тилек Эркинов.

Ал Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну, учурда 27 жашта.

———

Буга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында кулпунай 100 гектарга жетпеген жерге айдалса, быйыл анын аянты 400 гектарга чейин кеңейгендиги маалымдалган. Мунун себебин жергиликтүү тургундар кулпунайдын баасы жогору болуп, киреше алып келгени менен түшүндүрүшкөн.

Учурда облус аймагында өстүрүлгөн кулпунай ички жана тышкы (Россия, Казакстан) базарларда сатылууда. Анын килограммы 150-200 сомду түзөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстан 825 миң долларлык кулпунайды экспорттогон.

Министрлик 2030-жылга чейин 1 миллиард долларлык чекке жетүү үчүн быйылкы жылдан тарта 143 миллион долларлык кулпунайды экспорттоо зарыл деп эсептейт. Ошондо гана ата мекендик өндүрүшчүлөр 1 миллиард доллар чегине жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE