Пример HTML-страницы

Тергөөчү Б.Туратбеков болочоктогу келинчегине алгачкы жолугушууда азык-түлүк сатып берген

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Талас шаарынын тургундары Болсунбек Туратбеков менен Ширин Касым кызы. Turmush басылмасынын кабарчысы погончон жубайлар менен маектешти.

26 жаштагы Болсунбек Туратбеков тергөөчү болуп эмгектенсе, жубайы — 24 жаштагы Ширин Касым кызы жаш өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчү.

«Мен Талас шаарындагы №2 орто мектебин 2016-жылы аяктап, ошол эле жылы милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясынын күндүзгү окуу факультетине тапшыргам. Окууны аяктаган жылы, тактап айтканда 2020-жылы Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү кызматына дайындалгам. Жубайым экөөбүздүн жумушубуз бир багытта болгондуктан бизге аябай жеңил жана кызыктуу», — деди Болсунбек Туратбеков.

Ал эми Ширин Касым кызынын айтымында, Талас районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Аталган айылдагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектепти 2018-жылы аяктап, 2018-жылы генерал-майор Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясына тапшырып, 4 жылдык билим алган. 2022-жылы ИИМдин академиясын аяктап, милициянын лейтенанты наамына ээ болгон.

«Кесибим боюнча Талас райондук ички иштер бөлүмүндө жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык тескөөчүмүн. Бул кызматта 2 жылдан бери эмгектенип жатам. Жолдошум экөөбүз 2018-жылы ИИМдин академиясында 1-курстун курсанты болуп жүргөн кезде бюджеттик негизде окуган жалпы Талас облусунун курсанттары чогулганда таанышканбыз. Ошондо мен 3-курста окуп жаткан жолдошумду көрүп, абдан жөнөкөй, сулуу жигит экен деген ойдо калгам. Арадан убакыт өткөн соң уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп, байланышып калдык.

Ал эми биринчи жолуккан күнүбүз абдан кызыктуу болгон. Уюлдук телефон аркылуу баарлашып жүрүп, жолуга элек болчубуз. Биринчи эле телефон аркылуу «Курсагың токпу? Эмне жедиң?» деп сураганда дароо эле кечки тамакты иче элек экенимди айткам. Ал тамакка чакырбай, дүкөндөн азык-түлүк алып берейин деп чакырган. Мен макул болуп, экөөбүз дүкөнгө барган элек. Кийин тамакка чакыргандан тартынып, шашып айтып алганын айткан эле. «Сен макул болгондо сүйүнгөм» деп айтып калат. Ошол мезгилден тарта 6 жылдан бери бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жатабыз. 2023-жылдын 13-август күнү баш кошуп, 16-сентябрь күнү үлпөт тоюбуз өткөн.

Жолдошумдун тажрыйбасы көп болгондугуна жана тергөө кызматында эмгектенип жаткандыгына байланыштуу ар кандай юридикалык суроолор болсо, жарандардын ортосунда кандайдыр бир талаш суроолор болсо, жолдошумдан сурап, кеңешем. Кызматымды кынтыксыз аткарууда жолдошум дагы түрткү берип турат», — деди ал.

Погончон айым жумушу тууралуу айтып берди.

«Бир жолу 7-класстардын окуучулары менен мектепте баарлашып жатканда класста өзгөчө баланы байкап калдым. Ал бала социалдык педогогдо ДМЧ (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген) деп каттоодо турат экен. Ал баланын аты Барсбек болчу. «Атың ким?» деп сураган учурда атын атап, андан кийин дароо эле Барсбек ким болгонун да айтып берди. 7-класстын окуучусу болсо да, 10-11-класстарда окулуучу тарыхты жана «Манас» эпосун абдан жогорку деңгээлде билерин билдим. «Манас» айтып баштаса, токтотуш кыйын болуп каларын айтышты. Бирок бала бираз шок болчу. Досторунун ар бир кылыгын, сүйлөгөн сөзүнө чейин мага айтып жатты. Ошол маалда өспүрүмдүн классташтары балага бир сөз айтышкан эмес. Алар кайра күлүп, өспүрүмгө колдоо көрсөтүп, жардам берип, кемсинтишкен жок. Ошол учурда жаш өспүрүмдөр туура тарбия алып жатат деп, жүрөгүм жылый түштү.

Жан дүйнөң менен иштесең, эң оор кызмат дагы жеңил болот деп эсптейм. Менин кесибим абдан кызыктуу, ар кандай жарандар менен кездешебиз, маектешибиз, жардам беребиз. Ал эми өспүрүмдөр менен иштөөдө чоң адамдарга карганда айырмачылык бар деп эсептейм. Себеби өспүрүм жаңы коомго калыптана баштаганда кандайдыр бир психологиялык жактан жабыр тартпасын же милиция дегенде чочулабасын деген максатта болушунча аяр мамиле кылабыз. Ал эми абдан бейбаш, тарбиясы жетишсиз болсо, оңдоп-түзөө максатында катуураак сүйлөшүүгө туура келет. Ар бир баланын психологиясын карап, андан кийин өзүнө жараша мамиле кылабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE