Тер — адамды жүдөткөнү менен, пайдалуу!

https://kyrgyzcha.site/?p=64907&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Тер — адамды жүдөткөнү менен, пайдалуу!

 

Окумуштуулар адам баласы жашоосунда 20миң литр тер бөлүп чыгарарын эсептеп чыгышкан. Бул көлөмдүн көбү жайдын аптабында чыкса керек. Денебизди нымдаштырып, жүзүбүздөн төмөн куюлуп жүдөтүп, ыңгайсыздык жараткан тер тууралуу айтып беребиз.

 

Адам эмне үчүн тердейт?

 

Пример HTML-страницы

Тер – адамдын организминде болуучу нормалдуу көрүнүш. Тердөө жагымсыз болгону менен мындай шартта организм эс алат. Адам суу ичкенде организм сууну бөйрөк аркылуу заара катары чыгарат. Ал эми абдан ысык болгондо организмдеги суу, тер бездери аркылуу сыртка чыгат. Шлакты чыгаруунун да мыкты жолу болуп эсептелет. Денедеги калган-каткан туздар, чириген азыктар, көмүр кычкылы, зыяндуу заттардын баары тер аркылуу чыгып, организм, кан тазаланат, дененин температурасы төмөндөйт. Тер чыкканда организм алсызданганы менен булчуңдар эс алып, дене алда канча чың болуп калат.

 

Аз тердейин десеңиз…

 

Алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз;

 

Кофе жана коюу чай ичүүнү азайтыңыз;

 

Даамдуу болсо да кошулмалары көп тамактарды жебеңиз;

 

Стресс болбогонго аракет кылыңыз.

 

 

 

Эмне үчүн айрым адамдар тердешпейт?

 

Тердөө – дененин температурасын көзөмөлдөп, зат алмашууну активдештирүүчү, организмдин коргоочу реакциясы. Бул нормалдуу физиологиялык процесс болгондуктан адам сөзсүз түрдө тердеши керек. Тердин аз чыгуусу гормоналдык, кан тамырлардын ишинин жана зат алмашуунун бузулушунан улам же организмдин жеке өзгөчөлүгүнө жараша болот. Тердин аз чыгышынан адам өзүн жаман сезет, чарчаңкы абалда болот, кыжырланат, уйкусун жана эс тутумун жоготот. Ошондой эле, тердебеген адам дерматоз, ихтиоз, чакалай, безгек ооруларына көп чалдыгат.

 

 

 

Терге каршы каражаттар:

 

Теймуров пастасы

 

 

 

Аталган пастаны дарыканалардан таба аласыз. Аны дененин көп тердеген жерлерине сүйкөө менен көйгөйдөн арылууга болот. Бул каражаттын негизин цинк оксиди, тальк, салицил кычкылы түзөт. Паста антисептикалык жана абсорбциялоочу касиетке ээ.

 

 

 

Формагель майы

 

 

 

Бул май терини натыйжалуу кургатат жана тердин чыгышын басаңдатат. Аны дененин бардык аймактарына сүрткөнгө болот. Бирок, терини кургатып, аллергия чакырышы мүмкүн.

 

 

 

Дезодранттар

 

 

 

Учурда терге каршы сепме жана шариктүү дезодоранттар популярдуу. Алар теринин үстүндөгү майда тер чыгуучу тешикчелерди кургатып, тердөөнү жайлатып, жытынан да арылтат. Бирок, тер бездерин жабыркатып, терини бат картайтып, аллергия чакырып, май бездерин сезгентип, эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн болгондуктан аны жумасына бир гана жолу колдонуу туура. Ошондо нымдуулуктру азайтып, жагымсыз жытты жок кыла алат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️