Темир тордогу кандуу окуя (сүрөт)

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде болгон көтөрүлүш тууралуу маалыматты Россиянын Краснодар шаарынын тургуну Александр Цапко издеп, КРдин Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган кызматтын басма сөз кызматынын билдиришти.

«Биз 33 жыл мурдагы жашыруун трагедиянын чоо-жайын билүүгө кызыккан орусиялыкка жардам бердик. Ал 1965-жылы биздин Фрунзеден (Бишкекте) башталып, бүгүнкү күнгө чейин созулган окуяны ыр саптары менен роман жазып жатыптыр. Кыязы ошол романга кошот окшойт. Анда 1989-жылы Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде болгон камактагылардын башаламандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалдын чоо-жайы кызыктырып, лагердеги көтөрүлүш тууралуу маалыматты эч жерден таба албай жатканын билдирип, кат жазды. Краснодардын жаранын кызыктырган 1989-жылдын сентябрь айында №19 мекемедеги башаламандык тууралуу маалыматты бердик», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул Кыргызстандын абактарындагы эң кандуу окуялардын бири болуп эсептелет. Туткундардын ичинен 3 адам каза таап, 15и октон жаракат алган. Ал эми аскер кызматкерлеринин ичинен 20дан ашууну ар кандай жаракат алып, абакта жалпы материалдык чыгым 100 000 000 советтик рублдан ашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️