Пример HTML-страницы

Телеканалдын өкүлдөрү «ажы той» өтүп жаткан жерде акимдин унаасын байкаган. Кара-Суудагы окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда милиция «Ош ТВ» телеканалынын кызматкерлери жана тургундардын катышуусундагы окуя боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Материалдар Кара-Суу РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 24-июнунда «Ош ТВ» телеканалынын өкүлдөрү, тактап айтканда журналист Роза Акматжан кызы жана оператор Кожокелең айылында туризмди өнүктүрүүгө багытталган материал даярдоо үчүн жөнөшкөн. Алар жолдо унаа тыгынга кабылган. Аталган айылда «ажы той» [ажылык сапардан кайткандар өткөрчү иш-чара] өтүп жаткан. Унаалардын арасынан кызматтык номур тагылган «Шевроле Каптива» («Chevrolet Captiva») унаасын байкашкан. Бир нече убакыттан кийин аким Темирболот Абыкеев келген. Телеканалдын кызматкерлери акимден «ажы тойго» келип-келбегенин сурашкан.

Телеканалдын өкүлдөрүнүн айтымында, аким жашоочулар менен жолугушууга келгенин айтып, андан кийин кеткен.

Роза Акматжан кызынын айтымында, жергиликтүү тургундар телеканалдын өкүлдөрү Кара-Суу районунун жетекчилиги тууралуу провокациялык материал тартуу үчүн келишкенин айтып, нааразы болушкан. Алар материалдарды өчүрүүнү талап кылып, эгер талапты аткарышпаса, айылдан чыгарбай турганын айтышкан. Жыйынтыгында бардык видеоматериалдар өчүрүлгөн.

Учурда окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Темирболот Абыкеев 2023-жылдын декабрь айынын башында Кара-Суу районунун акими болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE