Таң эрте каптаган кыян суу сузактыктардын айласын кетирди (сүрөт)

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 5 айыл аймакта 41 турак үйдүн короосун кыян каптады. Сел суулары айылдагы 1 мектептин короосун жана 30 гектар дыйканчылык талааны агызган. Учурда адистер тарабынан келтирилген чыгымдар эсептелип жатканын Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азизбек Багишов билдирди.

27-марттын таңында Сузак районуна караган Сузак айыл аймагынын Жаңы-Дыйкан айылында кокту-колоттон түшкөн суу сел каналына батпай, турак үйлөрдү жана эгин талааларын каптаган. Кыян суу айыл тургуну Гүлнура Ташиеванын короосун да каптады. Элеттик айым үйдүн ичине суу киргизбөө үчүн тизесине чейин суу кечип, селдин нугун бурганын айтат.

«Жекшемби күнү үйдө кадимкидей эле отурганбыз. Сыртта жамгыр жаап, токтогон. Бир учурда ызы-чуу болуп эле, короону суу каптай баштады. Жолдошум жумуш менен бир жакка кеткен. Колума күрөктү алып, дарбазанын алдын бекемдеп жаттым. Ал арада кыян суу кой камаган малканабызды каптай баштады. Айлам кетип, койлорду сарайдан чыгарып калдым. Мындай сел келгенин көрбөгөндүктөн эмне кыларымды билбей, дарбазанын алдына шагыл төшөп, үйгө суу киргизбөөнүн айласын издеп жаттым. Адырдан түшкөн суу 3 сааттан ашык агып жатты. Азыр үйүбүздүн короосу кыян, шилендиге толуп калды. Эшиктин алдына дыйканчылык кылалы деп камынып жатканбыз. Эми эмне кыларыбызды билбей турабыз. Бир аз күн жылыса, бакчаны тазалайбыз. Антпесе эми эле жагымсыз жыттар чыгып жатат. Дарыгерлер сел каптаган жерди залансыздандырбаса, оорулар чыгарын айтып жатышат. Бирок бизде андай иш-аракеттер көрүлө элек», — дейт Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну Г. Ташиева.

Сел суулары айылдагы 107 бала билим алган Алымжан Сабитов атындагы негизги мектептин короосун да каптаган. Ушул тапта короого кирип, тазалоо жумуштарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Мектептин директору Жамиля Тойчиева алдыңкы күндөрү мугалимдердер жумушчу топ түзүлүп, кыян баскан короо-жайды тазалоо жумуштары жүргүзүлөрүн билдирди.

«Биздин мектеп айылдын Дөш деген участкасында жайгашкан. Мында бир гана мектеп бар. Катуу жааган жаандын кесепетинен улам кечээ эртең менен айылды сел каптап, тилекке каршы биздин мектепти да каптап кетти. Кыян суу мектептин имаратын айланып, стадион, короону жана 100дөн ашык мөмөлүү дарактын көчөтү отургузулган бакка жайылып, шилендиге толтуруп кетти. Эң негизгиси сел суулары мектеп имаратынын ичине кирген жок. Мугалимдер мектепке келип кабар алып кеттик. Алдыңкы күндөрү ылай бир аз кургаганда тазалоо жумуштарын баштайбыз. Бактыга жараша сел келген учурда мектепте окуучулар жок болгон. Алар 3-чейректин жыйынтыгы менен эс алууга кетишкен. Буюрса окуу процесси башталганга, тактап айтканда 31-мартка чейин тазалап бүтүрүүгө аракет кылабыз», — дейт мектеп директору.

Азизбек Багишов: «27-мартка караган түнү тынымсыз катуу жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районундагы 5 айыл аймакта сел жүргөн. Анын кесепети турак үйлөргө, мал сарайларга жана дыйканчылык талааларына тийген. Ушул тапта өзгөчө кырдаал катталган ар бир айылга кызматкерлер тартылып, райондук жарандык коргонуу коммисиясынын техникалары менен селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат», — деди.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары райондогу сел каналдарынын дээрлик 70%ы тазаланганын кошумчалады.

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад шаарындагы турак үйдүн короосун да сел каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️