Пример HTML-страницы

Тажикстандагы айылда каза болгон 3 адамды бир туугандары Лейлекке алып келип жерге беришти

Акыркы жанылыктар

Turmush29-май күнү Тажикстандын Согдий облусуна караштуу Жийделик (Санчинзор) айылында каза болгон жубайлар жана күйөөсүнүн карындашы Лейлекте жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алдын ала малыматка караганда, маркумдардын бир туугандары буга чейин Кыргызстанга өтүп, кыргыз жарандыгын алышкан. Алар сүйлөшүү жолу менен сөөктөрүн алып келип, Лейлек районунун Достук айылында акыркы сапарга узатышты. Маркум жубайлардын артында жашы жете элек 3 бала калды.

Каза болгондор:

— И.А.Н. 1974-жылы туулган (күйөөсү);

— К.К.Т. 1983-жылы туулган (аялы).

— И.З.Н. 1977-жылы туулган (күйөөсүнүн карындашы);

Маркумдардын Достук айылында жерге берилгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыкташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE