Пример HTML-страницы

Тажикстанда өлтүрүлүп, Баткенде көмүлгөн үй-бүлө: Айрым фактылар белгилүү болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТажикстандын Согдий облусунун Жийделик айылында каза болгон жубайлар жана күйөөсүнүн эжеси эмне үчүн өлтүрүлгөнү белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына алардын Лейлектин Достук айылына көчүп келишкен жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, алар муунтулуп өлтүрүлгөн деп болжолдонуп жатат. Күйөөсүнүн 50 жаштагы эжеси И.З.Н. Жийделик айылындагы мектепте директордун орун басары болуп иштеп, башталгыч класстарга да сабак берчү. Каза болгон келиндин 47 жаштагы күйөөсү И.А.Н. сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген майып адам эле. Маркумдар эч кимге зыяны жок, жоош, момун кишилер болгон.

Алар бир канча убакыт мурда үйлөрүн сатмак болгону айтылган. Бирок акчасын алганы же албаганы белгисиз. Бул үй-бүлө башка туугандары менен кошо Кыргызстанга келбей, ата конушун таштап кете албай жашап жүрүшкөн.

Тажикстандын Жийделик айылынан Лейлектин Достук айылына кыргыз жарандыгын алып көчүп чыккандардын айтымында, учурда Жийделик айылында 60 түтүнгө жакын этникалык кыргыздар жашайт. Аталган айылдын басымдуу бөлүгү буга чейин эле кыргыз жарандыгын алып, Достук айылына көчүп келишкен.

Трансляция: 514025

——————————————————————————————-

Окуя тууралуу:

Буга чейин Тажикстандын Согдий облусуна караштуу Жийделик айылында каза болгон жубайлар жана күйөөсүнүн эжеси Лейлекте жерге берилгени кабарланган.

Алдын ала малыматка караганда, маркумдардын бир туугандары буга чейин Кыргызстанга өтүп, кыргыз жарандыгын алышкан. Алар сүйлөшүү жолу менен сөөктөрүн алып келип, Лейлек районунун Достук айылында акыркы сапарга узатышкан. Маркум жубайлардын артында жашы жете элек 3 бала калды.

Каза болгондор:

— И.А.Н. 1977-жылы туулган (күйөөсү);

— К.К.Т. 1983-жылы туулган (аялы);

— И.З.Н. 1974-жылы туулган (күйөөсүнүн эжеси);

Маркумдардын Достук айылында жерге берилгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыкташкан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE