Тажик жарандары тартып алган ок атуучу курал кайтарылды

TurmushАрка—Борбордук унаа жолунун аймагында Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууга эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап кыргыз тарапка Тажик Республикасынын жарандары тартып алган УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин «АК-74» автоматын кайтарып беришти.

Ошондой эле, тажик тарап радиостанцияны издөөнү уланта турганын билдирди.

Саат 22:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️