Таза суу менен камсыз болгон айыл тургундары облус башчысына «Ардактуу атуул» наамын ыйгарышты

Акыркы жанылыктар

TurmushСуу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев Араван районунун Төө-Моюн айылын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 6 скважинаны, Керкидан айылынын Ак-Босого айылында таза суу скважинасын ишке киргизүүгө катышты.

Алар:

1. Ак-Шар айылы скважина №2030,

2. Жеке-Мисте айылы скважина №21434,

3. Сырт айылы скважина №1956,

Пример HTML-страницы

4. Керкидан айылы скважина №2550,

5. Жаштык айылы скважина №1816,

6. Найман-насос (1450 м труба д.200).

Жогорудагы скважиналар жалпы 247 гектар аянты сугат суу менен камсыздайт.

Мындан сырткары, Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылынын Ак-Босого участкасында жашаган кожолуктун саны 150, калктын саны 700гө жакын тургуну таза сууну каналдан алынып жүргөн. Сел болгон учурда жана кыш мезгилинде каналдан таза суу алуу көгөй жаратып келген.

Таза суу менен камссыз кылуу үчүн Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишсиз болгондуктан облус жетекчиси өнүктүрүү фондунан 4 млн 646 миң сом бөлүп берген. Жыйынтыгында таза суу скважинасы 115 метр чуңкурдан казылып, ичүүгө корутунду алынган.

Ошондой эле, электр мамычалары менен туташтыруу жана 1 чакырым аралыка суу түтүктөрүн тартуу иштери башталары күтүлүүдө.

Жогорудагы маселе көптөн бери чечилбей жүргөнүн жана бул маселени чечүү үчүн облус жетекчиси бир канча жолу жеринен кабар алып турганын баса белгилешип, айылдык кеңешинин депутаттары Төө-Моюн айылынын «Ардактуу атуулу» наамын Эльчибек Жантаевге жана АРИСтин өкүлүнө тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️