Таяке жана жээндин Ысык-Көлдөгү эс алуусу өлүм менен аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын көл жээгинен 2 жигит акка моюн сунду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, каза тапкан жигиттер таяке жана жээн болгон.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт болгондугун тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-июль күнү саат 11:00 чамасында Чолпон-Ата шаарынын көл жээгинен Бишкек шаарынын тургундары — 2004-жылы туулган А.Б. жана 2003-жылы туулган Т.И. көлгө түшүп, чөгүп кетишкен.

Натыйжада алар каза таап, экспертизалар дайындалды.

Пример HTML-страницы

Ал эми ӨКБдан жерине 3 куткаруучу тартылган.

  • Буга чейин Turmush басылмасы 2024-жылдын 14-июль күнү Бостери айылындагы пансионаттардын бирине Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну достору менен эс алууга келип, көлгө чөгүп каза болгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️