Таштак талааны айдоо жерге айландырган Б.Жунушалиев сезондо малинадан 200 миң сом киреше табат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТоо этегиндеги таштуу жер тилкесин өздөштүрүп, 4 сотых малинадан 200 миң сомго жакын киреше тапкан багбанчы Бектур Жунушалиев Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылынын 44 жаштагы тургуну. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«31 жашымда жашоого болгон көз карашым түп тамырынан өзгөрдү. Ага чейин унаа оңдоп, ширетүүчү болуп, көп жумуштарды аркалагам. Балалыгым тоо этегиндеги айылда өткөндүктөнбү же жаратылышты сүйгөндүгүмөнбү, айтор багбанчы болуу сезими мени жетелеп, тоо тарапка багыт алдырды. Чалдыбар— Бишкек унаа жолунан 20 чакырымдай аралыкта жайгашкан Талды-Булак өрөөнүнө бардым. Бул аймакты жаш кезимен бери эле билем. Ошентсе да суук, жолу начар, таштуу жерге түрдүү бактардын көчөттөрүн отургузуп, багбанчылыкты өздөштүрүүнү чечтим. 2011-жылы 1 гектар жердин таштарын терип чыктым. 2012- жылы алма, өрүк, шабдалы, алча, жүзүм жана башка бак-дарактардын түрдүү сортторун отургуздум. Жыл сайын алардын өсүп жетилүүсүнө эмгек жумшап, багбанчылык кесиптин түйшүгүн сездим. Түрдүү булактардан багбанчылыктын сырларын окудум. Өзүмдүн кетирген кемчилдигимди билдим. Көрсө, көчөттөрдү туура тандоо керек тура. Аны казылган арыктын ичине отургузуп, сууга көлдөткөнмүн. Бутоону, дарылоону билбей, өзүмө-өзүм түйшүк жаратыптырмын. Элибизде «Көрө-көрө көсөм болосуң» дегендей, турмуш мени багбанчылыкка байырлады. Миллиондогон акча жумшап, канчалык чыгым тартсам да бет алган жагымдан кайра тартпадым. Көйгөй жаралган сайын кайра чыйралдым. Артка кетпестен банктардан насыя акча алып, жер аянтын 2 гектарга кеңейтип, жаңы сорттогу бактарды отургуздум. Учурда болжолдуу миң түптөн ашуун алма, 900 түпкө жакын терек, 4 сотых малина жана башка бар. 2022-жылы ошол алмадан 5 тоннадан ашуун түшүм алдым. Анын килограммын 50-60 сомдон сытып, 250 миң сомдон ашуун киреше таптым. Ал эми өткөн 2023-жылы алмаларды үшүк уруп, болногу 500 кг. түшүм алгам. Бирок, 4 сотых малинадан 200 миң сомго жакын пайда көрдүм. Быйыл алмалар жетилүүсү жакшы. Буюрса, түшүм да мол болот. Ошентип, «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» дегендей, келинчегим Зарина жана балдарым менен турмуш арабасын тартып келе жатабыз», — деди багбанчы.

Ал 12 жылдык багбанчылык тажрыйбасына таянуу менен мол түшүм алуунун сырларын да айтып берди.

«Ар кандай кыйынчылыкты эмгек менен багындырса болот тура. 12 жылдык багбанчылыкта бир топ такшалдым. Турмуш мени үйрөттү. Мол түшүм алуу үчүн эң оболу климатты тандоо жана ал шартка туура келге көчөттөрдү отургузуу керек. Жердин анализине көңүл бөлүп, сугатты туура колдонуу зарыл. Алманын сорттору жазгы, күзгү, кышкы болуп бөлүнөт. Мен «превосходный», «голден делишес», «ред делишес» (кызыл алма), «симиренко» жана башка сортторун өстүрүп жатам.

Мындан сырткасы биогумус даярдап, алманын түптөрүнө берип келем. Бул тоо боорунда, таза абада бак-дарактарда курт болбойт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Эгер бактарды өз учурунда бутап, дарылып турсаң эле мол түшүмгө өбөлгө болот», — деди Бектур Жунушалиев.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️