Пример HTML-страницы

Таш-талканы чыккан унаада 4 адам жан берди (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Чоң-Алай районундагы жол-транспорт кырсыганан 4 адам каза болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Кырсык Сары-Таш—Карамык унаа жолунда, тактап айтканда Памир-Алай аймагынын Арча-Булак айылында катталган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 18-июнунда саат 17:40 чамасында 1978-жылы туулган А.С. «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан 2002-жылы туулган Б.Ж.нын башкаруусундагы «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен кошо үч жаран көз жумду.

Унаалар айып короого киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE