Пример HTML-страницы

Таш-Мойноктогу мектепке ак бантик тагынган чоң апалар жана кызыл галстук тагынган чоң аталар келишти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү орто мектебин 10, 20, 40, 50 жыл мурун аяктаган классташтар жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Эльвира Шеркулова билдирди.

Бул мектепте 2023-жылдын 25-майындагы акыркы коӊгуроо иш-чарасы адаттагыдан өзгөчө өттү. Анткени мектепти 10-20-40-50 жыл мурун аяктап кеткен окуучулар келишкен.

50 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрдөн 19 классташ келди. Алар мектепке 2 такта белек кылышты.

40 жылдыктар 2-класстын окуучуларына китептерди белек кылышты.

20 жыл мурун аяктап кеткен окуучулар 2 такта алып беришти.

Ал эми 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр мектептин ашканасына стол жана отургучтарды белек кылышты.

«50 жылдыктар, тактап айтканда мектепти 1973-жылы аяктаган окуучуларыбыз пионердин кызыл галстугун тагынып, кыздар чачына бантик байлап, салтанаттуу линейкага ээрчишип чыгышты», — деди орун басар.

Мектеп 1970-жылы ишке берилген. 50 жылдыктар бул мектепке 8-класстан которулуп келишкен. Быйылкы 2022-2023-окуу жылында 11-классты 34 окуучу аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE