Пример HTML-страницы

Таш-Көмүрдөгү жетекчи 2 айдан бери жумушка чыга элек. Президенттин өкүлү кызмат ордун кароону сунуштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТаш-Көмүр шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы 2 айдан бери ден соолугуна байланыштуу өргүүдө (больничный) жүрөт. Бул тууралуу кечээ, 6-июнда укук бузууларды алдын алууга багытталган координациялык кеңешмеде айтылды.

Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боенов облуста орун алган жол кырсыктары боюнча жасаган баяндамасына караганда, жыл башынан бери айдоочулардан 23 миллион сомдой айып пул өндүрүлдү. Облуста 8 миңге чукул жол белгилерин жаңылоого муктаждык бар. Ошондой эле Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарларында жол кырсык көбөйгөнү, жол белгилердин жетишсиздик маселеси көтөрүлдү.

Шамалды-Сай шаарынын мэри Мирбек Тотонов калаага жол көзөмөлдөөчүлөр Таш-Көмүр шаарынан келе турганын, шаарда такай турган көзөмөлдөөчүлөр жок экенин, кызматкерлер жетишсиз экенин айтты.

Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боеновдун айтымында, Таш-Көмүр шаарында жалпы 5 жол тескөөчү эмгектенет. Ал Таш-Көмүр шаардык ЖКККБнын башчысы тартиптик жазага тартылбай турганын айтты. Себеби ал ден соолугуна байланыштуу өргүүдө жүрөт.

  • Таш-Көмүр шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы кызматында Максат Ниязматов иштеп жатат.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев: «Эгер 2 айдан бери ооруп жаткан болсо, анда ордун тапшырып берсе болмок. Чын эле ооруп жатабы деген суроо жаралат. Мен координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жетекчинин жумушун кароону сунуш кылат элем. «Больничныйды» Аксыдан ачса, демек ошол райондогу карта ачкан дарыгерди да караш керек. Шаарда жарытылуу жумуш жок. Жол кырсыгынан каза болгондордун да саны өстү, кандайдыр бир аракеттер көрүлүшү керек», — деди ал.

Жыйында кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, жол кырсыктарын алдын алуу багыттары талкууланды.

Turmush Ноокен районунда дагы бир район тибиндеги шаар пайда болгонун жазган. Шамалды-Сай шаары Таш-Көмүр шаарынан бөлүнүп чыгып, өзүнчө шаарга айланган.

Административдик-аймактык реформанын долбоорунда Шамалды-Сайды район тибиндеги шаарга айлантуу каралып, 2023-жылдын аягында өлкө башчынын жарлыгына ылайык шаар макамы берилген.

Маалым болгондой, Шамалды-Сай 1956-жылдан 2009-жылга чейин Таш-Көмүр шаарына карштуу шаарча болуп келген. 2009-жылдан 2023-жылга чейин Шамалды-Сай аймактык башкармалык болуп турган.

Жаңыдан түзүлгөн шаарда 4 кабаттан турган 20, 2 кабаттан турган 28 көп кабаттуу үй бар. Дээрлиги борборлоштурулган жылуулукка туташтырылган. 3 мектеп, 5 бала бакча, 1 маданият үйү, 1 оорукана, 1 аймактык милициянын пункту бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE