Таш-Көмүрдөгү соода түйүндөргө 175 контролдук-кассалык машина коюлду

TurmushТаш-Көмүр шаарында соода түйүндөрдө жалпы 175 контролдук-кассалык машина (ККМ) коюлду. Анын ичинен 4тү аппараттык, калганы программалык шартка ыңгайлаштырылган.

Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын башчысы Суюнбек Майрамбековдун айтымында, жыл башында 51 ККМ болсо, 2,5 ай аралыгында 124 орнотулду.

«Шаар бийлиги эл менен жолуккан учурда ККМдин пайдасы боюнча айтып жатабыз. Башында ар кандай көз караштар көп болчу. Азыр элдин ой-пикирлери өзгөрө баштады. Ишкерлер да бири-бирин көрүп алууга аракеттенип башташты. Аппараттык ККМ алууну каалаган ишкерлер күтүп калып жатышканын, Жалал-Абад шаарына убара болуп барып жатышканын айтып жатышат. Бул деле чечилип калат деп үмүт артабыз», — деди ал.

Таш-Көмүрдө ККМ ала турган 500дөй субъект аныкталган.

ККМдин баасы 13 миң сомдон жогору башталып, 18 миң сомго чейин сатып алууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️