Пример HTML-страницы

Таш-Көмүрдө вирустук гепатит күч алды. Дарыгер жыл башынан бери канча учур катталганын айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында вирустук гепатит күч алды. Бул маалыматты Turmush басылмасына Таш-Көмүр жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Рахима Урусова тастыктады.

Анын айтымында, гепатиттин А түрү өткөн жылдын биринчи кварталында катталган эмес. Ал эми быйыл жыл башынан бери 62 бейтаптан илдет аныкталды.

«Акыркы жылдары Таш-Көмүр шаарында гепатит оорусу менен жабыркаган бейтаптардын саны өсүп жатат. Алсак, 2023-жыл ичинде илдеттин А түрү боюнча 114 учур орун алса, быйыл жыл башынан бери эле 62 учур катталды. Негизинен оору бала бакчаларда жана мектептерде көп катталып жатат. Оору гигиенанын сактабагандан, булганыч суудан жугат.

Ал эми илдеттин кан аркылуу жуккан В жана С түрлөрү да көбөйгөнү байкалат. Алсак, былтыркы жылы 533 учур катталса, быйыл жыл башынан бери эле экспресс-тесттердин жардамы менен 560 учурду аныктадык», — деди Усурова.

Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 16-майындагы жыйынында депутат Замирбек Мамасыдыков Таш-Көмүр шаарында боор оорусунан жабыркагандар көп экенин, буга булганган суу себеп болуп жатканын айткан.

Депутат Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан суудан үлгү алынганын кошумчалаган. Ал текшерүүнүн корутундусун окуп берген. Корутундуда марганец химиялык заты 3 эсе көп болуп чыкканы жазылган. Корутундуда марганецтин топтолушу негизинен боор ооруларына коркунуч туудурары, мындан тышкары суу менен кошо ичилген марганец ичке ичегиге, сөөккө, бөйрөккө, ички секрекция бездерине кирип, ал түгүл мээге да таасир этиши мүмкүн экени жазылган.

Депутат Таш-Көмүр шаардык, Аксы, Ноокен райондук ооруканалары берген маалыматка таянып, акыркы 3 жылда боор оорусу 3 эсеге көбөйгөнүн билдирген. Анын айтымында, Нарын дарясында ишмердигин жүргүзгөн балык чарбалардын саны көбөйүп, ооруга балык чарбаралары себеп болууда. Себеби балыктын жеминин курамындагы химиялык заттар калк саламаттыгына зыянын тийгизет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE