Пример HTML-страницы

Таш-Көмүр шаарындагы борбордук көчө кеңейтилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТаш-Көмүр шаарындагы борбордук көчөнү кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Талантбек Мырзабеков билдирди.

Анын айтымында, Баевтов көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралык быйыл сентябрь айына чейин толук оңдолуп пайдаланууга берилет.

«Таш-Көмүр шаарындагы борбордук Баетов жана Токтогул көчөлөрүнө союз мезгилинде асфаль төшөлгөн. Ушул мезгилге чейин утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары гана жүргүзүлүп келген. Быйылкы жылы бул көчөнү кеңейтүү жана жаңылоо боюнча Транспорт министрлигине сметасы 121 млн сомдук долбоор жазылып, ал колдоо тапты.

Ушул тапта жолду кеңейтүү жана эски асвальты алуу иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы жол жээгиндеги 153 турак үйдүн кошумча курулуштары жолго, тагыраагы кызыл сызыкка чыгып кеткен экен. Аларга архитектура жана кадастр мекемеси документтерди көтөрүп чыгып, үй ээлерине эскертүү берди. Алардын баары курулуштарын бузуп, жол болчу жерди кайтарышты. Учурдагы жолдун кеңдиги 6 метрди түзөт. Ал эми жаңы салынган жол төртүнчү категориядагы жол болуп, кенендиги 7 метрди түзүп, жол жээгине 1 метр 20 см кеңдиктеги тротуар андан соң 80 см латок жана 1 метр жашыл зона курулат. Азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат. Адистер жолдун долбоорго кирген 4 чакырым аянтын сентябрь айына чейин толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга берерин айтып жатышат», — деди Мырзабеков.

Вице-мэр буга катар эле быйыл жергиликтүү бюджеттен шаар ичиндеги 8 көчөгө асфальт төшөлөрүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE