Turmush — 15-декабрь күнү Таш-Көмүр шаарындагы жайлоодо жоголгон 43 жаштагы адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүнкү ӨКМден 36 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 10 киши болуп жалпысынан 52 адам, 3 дрон тартылды. Куткаруучулар керектүү шаймандар жана спутник байланышы менен камсыз болушту жана алар катаал шартта издөө иштерин жүргүзүүдө.
—————————————
Буга чейин Turmush Таш-Көмүр шаарында 43 жаштагы тургун дайынсыз жоголгонун жазган.
Жергиликтүү тургун Чыңгыз Урматаалиевдин айтымында, жайлоого жылкы айдап келүү үчүн кетип, дайынсыз болуп жаткан 4 баланын атасын издөөгө ыктыярчылар да тартылды.
«2024-жылдын 15-декабырында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну шаарга караган Сүттүү-Булак жайлоосуна жылкыларын айдап келүү үчүн кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. Ошол күнү саат 20:00дөр чамасында досуна телефон аркылуу чалып, жылкыларды тапканын, кар жаап, бороон болуп жаткандыктан жолдон адашып калганын, курсагы ачып, үшүп калганын айтып, келип алып кетүүсүн өтүнгөн. Достору туманда айтылган жерге барып, аны таппай калган. Ал 4 баланын атасы, карыган ата-энесинин жалгыз камкорчусу болгон. Бүгүн анын дайынсыз болгонуна 23 күн болду. Андан бери куткаруучулар, жергиликтүү тургундардан куралган ыктыярчы топ күн сайын Бишкек—Ош унаа жолунун Беке-Чал участкасынын жогору тарабында жайгашкан Сүттүү-Булак жайлоосунда издөө иштерин алып баруудабыз. Жол татаал, ак кар, көк муз болгондуктан жергиликтүүлөрдүн дрондору менен карап жатабыз. 9-январдан тарта Бишкек, Ош шаарларынан куткаруучулар шаймандары менен келип издешет. Анда да ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтөбүз деп жатабыз», — деген Урматаалиев.
2024-жылдын 23-декабрындагы издөө иштери:
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.