Таластын тургуну атасын кадыр-баркка ээ кылган мурастарды музейге өткөрүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Орто-Арык айылынын тургуну Маратбек Абдрхаманов атасынан калган көөрүк, соку, сок билек, депкир жана жүн тыткычты 29-октябрь күнү музейге өткөрүп берди. Бул тууралуу «Манас эпосу» музейинин илимий кызматкери Сиятбек Ибралиев билдирди.

Маратбек Абдрхаманов атасы Жуманаалы аксакал жөнүндө эскерүүсүн айтып берди.

«1978-жылы атам болжолу 80 жашка жакындап каза болуптур. Мен ошондо энемдин боюнда калыптырмын. Ошентип сегиз бир туугандын кенжеси болуп чоңоюп, атамды көрбөй калдым. Апам Сапар кызы Жаркын дөөлөттүү карылыктын өмүрүн сүрүп, 104 жашка чыгып кайтыш болду. Апам тирүү кезинде атам Жуманаалы өмүрүнүн аягына чейин устачылык менен өмүр кечиргенин жана «Мен өнөрүм менен элдин батасын алып сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, калк арасында кадыр-барк күттүм. Эң негизгиси бул жашоодо тапканым жана жетишкендигим журтумдан мага сый-урмат калды. Жаратканга миң мертебе ыраазымын» дегенин айтып калар эле», — деди ал.

Маратбек Абдрахмановдун 85 жаштагы кошунасы Кулунбетов Аманбек аксакал да өз сөзүн айтты.

«Алдыбызда турган көөрүк, депкир, соку сок билек жана жүн тыткыч Жумакеден сакталып калган буюмдар экенин мен жакшы билем. Мен эс тартып бала кезимден бери ал кишини жакындан билип калдым. Өзү ушул чөлкөмдүн колхоздун атагы алыска кеткен чоң устасы эле. Аны айылдагы чоңунан баласына чейин эле эмес коңушу айылдагылардын баарысы жакшы таанып, мокогон балта, теше, кетмен, күрөк жана башка буюмдарын курчутуп кетип турушар эле», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Көөрүк – темир устанын бирден-бир негизги аспабы болуп саналат. Конус үлгүсүндө даярдалган. Жалпы узуну 1,45см. Үстүнкү бети төрт жыгач тактайчаланып, эки жеринен туурасынан ичке сап жыгачтар менен карматылган. Көөрүктүн тегерекче тарабындагы туурасынан карматылган жыгачтын тушунун ортосунда 16 Х 14 сантиметр келген төрт бурчтуу көзөнөкчөсү жайгашкан. Капталындагы эки тарабы жана арткы бөлүгү булгаарыдан ачылып-жабылып бүктөлмө болуп ийге келтирилген. Оозунда калбыр жука темирден 20 Х 20 сантиметр көлөмдөгү төрт чекеси ичке бүктөлүп карматылган ээкчеси мыктар менен бекитилген. Ортосунда 8 Х 11 сантиметр келген төрт бурчтуу көзөнөкчөсү орун алган. Анысы ички тарапты көздөй уячаланып турат. Этегинин дал ортосуна бир тарабы 16 сантиметр келген эки бет ачакайлуу рогатка үлгүсүндөгү темир орнотулган. Ачакайдын бириккен жеринде тегерек тешикчеси бар, ага карматылган илмектүү куйрукча учу өйдө тарапты карап чыгып турат. Ачакайдын эки башында болт жана төрт бурчтуу гайкалар менен бекитилген. Тактайчалардын тегерете капталына бүктөлмө булгаарынын жээги күл мык менен тизмектелип кыдыратасынан карматылган. Аспап төрт катар бүктөлмө булгаары менен капталып эки каптал тушунан бир тарабы 13 сантиметр, бир жагы 11сантиметр келген союл сыяктуу тегерекчеленген жыгачтары чыгып турат.. Алдыңкы тарабы да кудум эле дал ушундай жыгач тактайчалар менен карматылып жасалган.

Депкир – ашкана буюму, жалпы узуну 45см. Сабы жыгачтан 13,7 сантиметр, анын башына диаметри 3,2 сантиметр болгон шакекче карматылган. Ал илип коюу кызматын аткаруу үчүн керектелген. Башында тегерек болуп жасалган диаметри 23,6 сантиметр келген сүзмө же аралаштырма калак башчасы жайгашкан. Ортосунда 5,5 Х 5,5 сантиметр келген төрт бурчтуу жалпак темир төрт жеринен кадоо менен бекитилген. Анын ортосунда крест үлгүсүндөгү оюкча түшүрүлгөн. Бул калакча менен сапты бириктирип, туташтырып турган ортодо узуну 37,5 сантиметр, туурасы 1,5 сантиметр жана калыңдыгы 0,5 миллиметр келген темир сап карматылган. Үч жерине тегерекче түшүрүлүп даярдалган.

Сок билек – сокунун жанчууру, баласы деп айтылып келет. Дан өсүмдүктөрүн күйшөгөн буюм. Жыгачтан, узундугу 1,17 сантиметр, таман жагынан алганда 45 сантиметрден кийин 10 Х 4 сантиметр келген тик төрт бурчтуу кол салып кармаганга ылайыкташкан көзөнөкчөсү бар. Көзөнөкчөнүн тушу 12 см. Түп жагынын ээни 11 сантиметр, калыңдыгы 10 сантиметрди түзөт. Таман тарабынан көзөнөкчөгө чейин жалпакталып чабылып, көзөнөкчөдөн өйдө карай тегеректелип союл сыяктуу жондолгон. Көзөнөкчөдөн таманды карай бир бетинде жана ушул эле көзөнөкчөдөн өйдө карай дагы экинчи бетинде чоң жаракалары бар. Ошондой эле беттеринде бир нече майда тарам жаракка сызыктары кездешет.

Соку – жыгач ашкана буюм. Өсүмдүк данын түктөйт, таруу, конокторду актайт, данекти, ышкын түптү жана башкаларды жанчууда колдонулат. Челек идишинин бийиктиги 39 сантиметр, оозу кенен келип диаметри 26 сантиметр. Түбү бир аз куушураак, ичи чуңкурая келип тереңдиги 23см. Идиштин сырткы жээгинде жана белинде калбыр жука узуну 31 сантиметрден болгон темирлер менен карматылган. Өзү кадимки эле рюмка формасында жасалган. Ички сыйымдуулугу 5 литр . Түпкү тарабынын бийиктиги 11 сантиметр болуп өзүнчө моюнчаланып чабылган болсо таманы тегерек келип орунтуктуу жасалган. Бетинде тикесинен кеткен алты чоң жаракасы байкалып турат. Таман бөлүгү да тегерек үлгүдө жасалып бир гана эки капталы кырланып тегизделип алынган.

Жүн тыткыч – таракча, жалпак жыгач тактайчадан жасалган. Узуну 75 сантиметр, туурасы 18см. Тактанын бир жак башына 18 Х 20 сантиметр болгон, бетинде майда тикенектүү жыш зымдуу келген, калыңдыгы 3,5 сантиметр болгон тарагы бар. Чекеси тегерете “г”, формасында калбыр жука темир менен карматылган. Дал ушундай эле көлөмдөгү щётка тарагы, кармагычы бар калакча тактайга орнотулган. Тактайча өзү туткалуу болуп жасалган. Туткасы 13 Х 4,5 сантиметр көлөмүндө даярдалган. Калакча башы 23 Х 17 сантиметр болуп тутка тарабы тегерекчеленип чабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️