Пример HTML-страницы

Таластын тургундары 5 млн сомдон ашык каражатка алданышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында жыл башынан бери телефон аркылуу алданган элдин чыгымы 5 млн сомдон ашык болгон. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Талас облусунун аймагында жыл башынан бери 45 алдамчылык факты катталып, анын ичинен 37 кылмыштын бети ачылган.

Келтирилген чыгым 5 млн 800 миң сом болгон. Анын ичинен 5 млн сом кайра жабырлануучуларга кайтарылган.

«Алар көбүнчө уюлдук телефон аркылуу «жакын адамыңыз автокырсыкка учурады, тез акча которуңуз же кандайдыр бир терс окуяга кабылды» деп алдашат. Мындай чалууларга ишенбей, жакшылап тактап, чоо-жайын аныктоо керек», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE