Таластын токоюнда жапайы камандардын саны көбөйүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы жылдары Талас токоюнда жапайы камандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.

«Биз бала кезде токойдон көп эле каман көрүп жүрчү элек. Бирок бир жылдары аңчылыктанбы, малдын саны көбөйгөнүнөнбү же башка себептер мененби, иши кылып, камандар жок эсе болуп кеткен. Акыркы жылдары Талас токоюнун өйдө жагына келип жаткан жаныбарлар, быйыл Талас шаарына жакын келе баштаптыр. Мен Арал айылы менен Көпүрө-Базар айылынын ортосундагы сайдан көп камандын издерин өз көзүм менен көрдүм. Бирок жапайы камандар эмнегедир ноябрь айына чейин кыргыз кырка тоосунан ашып, Казакстандын Кара-Кыштак коругуна кетип калып жатышат», — деди ал.

Кадимки доңуз — жапайы чочко. Денесинин узундугу 2 метр, бийиктиги 1,2 метр, салмагы 300 кг жетет. Денеси кылчык жүн менен, кышкысын тыбыт менен капталат. Чоңунун өңү буурул, торопоюнун агыш жол-жол тагы бар. Каман Түндүк Африка, Европа жана Азия, Балтика бою, Белоруссия, Украина, Волга бою, Орто Азия, Казакстан жана башка жерлерде көбүнчө токойдо кездешет.

Кыргызстандын Сары-Челек, Арстанбап жана башка токойлуу жерлеринде да көп жолугат. Ал өсүмдүк тамыры, жапайы алма, алмурут, доңуз жаңгак, чөп, курт жана башка жейт. Үйүрү чакан, көбүнчө түнкүсүн оттойт. Ноябрь-январда күүлөп, март-май айында 3-4 торопой тууйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️